Атамбаев: кыргыздар менен орустар боордош эл, андыктан ортодо жик жок

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев. Архив
Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жалпы тарыхта түрдүү окуялар болду, эски таарынычтар менен жашабай жалпы келечек үчүн кам көрүү керектигин президент белгиледи.

БИШКЕК, 2-сен. — Sputnik. Дос кыргыз жана орус элинин ортосунда эч кандай жик жок экенин КР президенти Алмазбек Атамбаев 1916-жылдагы Үркүнгө арналган мемориалдын ачылышында билдирди.

"100 жылдык окуяны, кыргыз жана орус элинин ортосундагы мамилени биз көңүл тышында калтыра албайбыз. Биз өз ыктыярыбыз менен кошулганбыз, анан 1916-жылдагы окуялар болду. Бирок орус советтик интеллигенциянын жардамы менен кыргыздар маданиятын калыбына келтирип, илимин, экономикасын өнүктүрө алды", — деди Атамбаев.

Анын айтымында, өлкөдө экономика алдыга жылып, спорт өнүгүп, кинематография пайда болгон.

"Бул кайра жаралуунун өзгөчө тарыхы болгон. Бул — эл кайгыдан кийин чымырканып социалдык жана экономикалык өнүгүүгө карай чоң жолдун тарыхы", — деди президент.

Атамбаев 1916-жылдагы каргашага карапайым орустардын тиешеси жок экенин эл түшүнгөнүн белгиледи.

Үркүндүн 100 жылдыгына арналган мемориалдык эстелик Ысык-Көл облусунун борбору Каракол шаарына орнотулду. - Sputnik Кыргызстан
Караколдо Үркүнгө арналган туурасы 16 метр болгон мемориал орнотулду
"Аларга карата жек көрүүчүлүк, өч алуу сезими болгон эмес. Ага мисал катары 25 жылдан кийин 1941-жылы согуш башталганда жүз миңдеген кыргыздар мекенди коргоого аттанышты. Фронтко дээрлик ар бир төртүнчү кыргыз кеткен. Согуш маалында Кыргызстанга советтик кишилер көчүрүлүп келген. Алар бул жактан туугандык мамилеге ээ болуп, үй-жайлуу болушкан. Ал эми орус балдар кыргыз ата-энелүү да болгон учурлар кездешет", — деди президент.

Ал ошондой эле кыргыз менен орус дос эл экенин айтып, жалпы кызыкчылыктагы нерселер арбын экенин кошумчалады.

Мемориалдын ачылышына расмий бийликтин жана Кыргызстандагы элчиликтердин өкүлдөрү катышты.

Жаңылыктар түрмөгү
0