Уурулук үчүн Россияда соттолгон КР жараны чек арадан кайта кармалды

© Sputnik / Вадим Брайдов / Медиабанкка өтүүКолония. Архив
Колония. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ал буга чейин уурулук үчүн Россияда эки жылга эркинен ажыратылган. Андан кийин ага өлкөгө 2018-жылга чейин кирүүгө тыюу салынган.

БИШКЕК, 2-сен. — Sputnik. Кыргызстандын жараны Россиянын Саратов облусунун соту тарабынан орус-казак чек арасын мыйзамсыз кесип өткөнү үчүн күнөөлүү деп табылып, турак колониясына үч айга кесилгенин РИА Новости облустук сотко таянуу менен билдирди. 

Маалыматка ылайык, КР жараны буга чейин уурулук үчүн Россиянын абагында эки жыл отурган. Ага ошондой эле 2018-жылга чейин өлкөгө кирүүгө тыюу салынган. Бирок ал 27-майда Саратов облусунун Озин районундагы чек арадан көзөмөл өткөрүү пункту коюлбаган жерден өтүүгө аракет кылып, орус чек арачылары тарабынан кармалган.

"1986-жылы туулган жаран Сыдыгалиев "Россиянын мамлекеттик чек арасын чет элдик жаран тарабынан бузуу" беренеси боюнча күнөөлүү деп табылган", — деп айтылат маалыматта.

Прокуратура кармалган жаран өз айыбын толугу менен мойнуна алганын билдирди.

Жаңылыктар түрмөгү
0