Аксыдагы Үңкүр-Тоого Өзбекстандын эки тик учагы конду

© Фото / SputnikАксыдагы Үңкүр-Тоо. Архив
Аксыдагы Үңкүр-Тоо. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда аталган аймакта өзбек милиция кызматкерлеринин саны 15-20га жеткен.

БИШКЕК, 2-сен. — Sputnik. Аксыдагы Үңкүр-Тоого Өзбекстандын эки тик учагы конгону тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан билдирди. 

Радиорелейдик система.Архив - Sputnik Кыргызстан
ИИМ: Үңкүр-Тоону бошотобуз деп элдик кошуун чыккан жок, абал тынч
Буга чейин кыргыз-өзбек чек арасындагы талаштуу жерде жайгашкан Үңкүр-Тоого коңшу өлкөнүн жети милиция кызматкери тик учак менен конгон.  Мындай кадамды түшүндүрүү талабына өзбекстандыктар буга чейин кыргыз чек арачылар тарабынан кармалган өзбек милиционерин бошотуу жана Орто-Токой суу сактагычынын айланасындагы милиция постторун алуу талабын коюшкан. Сүйлөшүүлөрдөн соң аталган кызматкер бошотулган. 24-август күнү коңшу өлкөнүн чек арачылары Үңкүр-Тоодо орнотулган телемунарада иштеген төрт кыргызстандык адисти кармап кетип, аларды Яңги-Курган райондук милициясына алып барган.

"Бүгүн эртең менен Өзбекстандын эки М-8 тик учагы келип, Үңкүр-Тоогодогу өзбек милиционерлерине суу, керектелчү буюмдарын таштап кеткен. Мындан сырткары, өзбек милиция кызматкерлеринин саны 15-20га жетти. Кыргыз тараптан буга чейин тартылган аскер күчү кызмат өтөөдө", — деп айтылат маалыматта. 

Белгилей кетсек, Үңкүр-Тоо кыргыз-өзбек чек арасындагы такталбаган аймак болуп саналат. Ал эми кыргыз-өзбек чек арасынын жалпы узундугу 1 378 чакырым болсо, анын 1 058и аныкталган. Бүгүнкү күндө 58 жер аянтындагы 324 чакырымдык чек ара талаштуу бойдон калууда.

Кыргыз-өзбек чек арасынын талаш аймагындагы Үңкүр-Тоодогу абал тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттиги даярдаган материалдан окуңуз>>

Жаңылыктар түрмөгү
0