ИИМ: Үңкүр-Тоону бошотобуз деп элдик кошуун чыккан жок, абал тынч

© Sputnik / Яков Андреев / Медиабанкка өтүүРадиорелейдик система.Архив
Радиорелейдик система.Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
22-августтан бери Өзбекстандын десанты макулдашылбаган кыргыз-өзбек чек арасында турат.

БИШКЕК, 2-сен. — Sputnik. Үңкүр-Тоону өзбек милиционерлеринен бошотуу боюнча элдик кошуундар түзүлүп жатат деп ЖМКларга чыгып кеткен маалыматты Ички иштер министрлиги төгүнгө чыгарды.

ИИМдин маалымат кызматы ЖМКлар айылдык кеңештин депутаты Жанарбек Надырбековго шилтеме берүү менен 200 кишиден турган элдик топ макулдашылбаган аймакка кирип келген өзбек милиционер-десанттарды чыгарууга камынып жатат деген маалымат таратышканын билдирди.

"Чек ара маселеси сүйлөшүү жолу менен чечилиши керек. Мындай маселелерди талкуулап жатканда жарандар дагы этият болуусу зарыл", — деп айтылат ИИМ тараткан билдирүүдө.

Абак кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Аксылык Барчын апа: баламды өзбекстандыктар алып кеткенден бери түн уйкум жок
Ички иштер министрлиги учурда аталган аймакта абал тынч экенин, эл көчөгө чыгууга камынбай эле турганын кошумчалады.

Белгилей кетсек, Үңкүр-Тоо кыргыз-өзбек чек арасындагы такталбаган аймак болуп саналат. Ал эми кыргыз-өзбек чек арасынын жалпы узундугу 1 378 чакырым болсо, анын 1 058и аныкталган. Бүгүнкү күндө 58 жер аянтындагы 324 чакырымдык чек ара талаштуу бойдон калууда.

Кыргыз-өзбек чек арасынын талаш аймагындагы Үңкүр-Тоодогу абал тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттиги даярдаган материалдан окуңуз>>

Жаңылыктар түрмөгү
0