Окумуштуулар: бою узундар кодолорго караганда алыс аралыкты жакшы эсептешет

© AFP / ANDREW COWIEДүйнөдөгү эң узун адам Султан Кёсен жана бою эң кыска Чандра Бахадур Данги. Архив
Дүйнөдөгү эң узун адам Султан Кёсен жана бою эң кыска Чандра Бахадур Данги. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бир бөлмөдө жасалган эксперимент окумуштууларды таң калтырган.

БИШКЕК, 2-сен. — Sputnik. Кытайлык окумуштуулар күтүлбөгөн ачылыш жасады. Узун бойлуулар бою кыскаларга караганда алыскы аралыкты отурганда дагы жакшы эсептей алары аныкталганын РИА Новости агенттиги Science Advanced журналына таянуу менен жазып чыкты. 

Окумуштуулар адамдын бою анын ден соолугуна, акылына жана физикалык түзүлүшүнө кандай таасир бере турганына кызыгышкан. 2011-жылы бою узун аялдар рак илдетинен көп жабыркарын, ал эми бою узун саясатчылар кыскаларга караганда көбүрөөк шайланарын аныкташкан.

Илимпоздор бою узун менен кыскаларды жарык бөлмөгө алып келип, ал жактагы жарыкты өчүрүп, күйгүзүп, эки предметтин ортосундагы аралыкты аныктоону тапшырышкан. Узун бойлуулар бою кыскалар столго чыгып караганда да аралыктарды салыштырмалуу туура айтышкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0