Көчмөндөр оюнуна карата Ысык-Көлгө 50 дарыгер жөнөтүлдү

Жазылуу
Чолпон-Ата жана Ананьеводогу ооруканаларда кошумча керебеттер коюлду.

БИШКЕК, 1-сен. — Sputnik. Көчмөндөр оюндарында кызмат кылуу үчүн борбордук медициналык мекемелерден 50 кызматкер Ысык-Көл облусуна жиберилгенин саламаттык сактоо министри Талантбек Батыралиев билдирди.

Ал ошондой эле "Манас" аэропортунан Ысык-Көл облусуна чейинки жолдо Тез жардам кызматынын 18 автоунаасы дагы нөөмөттө турарын кошумчалады.

"Чолпон-Ата шаарынын ооруканасына кошумча 20 керебет коюлду, Ананьевого дагы 10 орун кошумчаланды", — деди министр.

Андан сырткары, ӨКМдин Ыкчам башкармалыгынын жетекчиси Урматбек Шамырканов Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары учурунда нөөмөткө чыгуу үчүн 300дөн ашык куткаруучу жиберилгенин билдирди.

Шамырканов "Манас" — Балыкчы — Чолпон-Ата — Кырчын — Каракол кан жолунда күнү-түнү куткаруучулардын 38 тобу иштей турганын баса белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0