Көчмөндөр оюнунун ачылыш салтанатына билеттер сатылып бүттү

© Sputnik / Табылды КадырбековКөчмөндөр оюну уюлдук телефондогу программасы. Архив
Көчмөндөр оюну уюлдук телефондогу программасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Азыркы учурда Оюндардын жабылыш аземине кирүү билеттери сатылууда.

БИШКЕК, 31-авг. — Sputnik. Экинчи Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын (ДКО) ачылыш аземине кирүү билеттери сатылып бүттү. Бул тууралуу ДКО катчылыгы билдирди. 

Ири эл аралык иш-чара Ысык-Көл облусунда 2016-жылдын 3-8-сентябрында өтөт. 

Мында 35 мамлекеттен келген спортчулар күрөш, салбурун, жаа атуу, интеллектуалдык оюндар жана спорттун башка түрлөрү боюнча ат салышат. 

Тамчы эл аралык аэропорту. Архив - Sputnik Кыргызстан
Көчмөндөр оюнуна карата Оштон Ысык-Көлгө авиакаттам ачылат
Азыркы учурда Көчмөндөр оюндарынын жабылыш аземине кирүү билеттери сатылууда.

Жабылыш аземине катышууну каалаган жарандар билеттерди Бишкекте (Киев көчөсү 114, Токтогул көчөсү 247, Абдрахманов көчөсү 6, Чүй проспектиси 96), Ош шаарында (Ленин көчөсү 320) жана Чолпон-Атада (Совет көчөсү, 122) жайгашкан байланыш бөлүмдөрүнөн сатып алууга болот.

Мындан тышкары, билеттерди "Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 2016" уюлдук тиркемеси аркылуу алууга да болот.

Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги жана радиосу Көчмөндөр оюндарынын расмий медиа өнөктөшү.

Жаңылыктар түрмөгү
0