Өкмөт башчы жоокерлерди атайын саат менен сыйлады

Жазылуу
Сооронбай Жээнбековдун буйругуна ылайык, айрымдар атайын саат менен сыйланышса, калгандарга алкыш айтылды.

БИШКЕК, 31-авг. — Sputnik. Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков эгемендүүлүктүн 25 жылдыгынын урматына өзгөчөлөнгөн аскерлерди атайын саат менен сыйлады. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди. 

Премьер-министрдин буйругуна ылайык, Мурат Мамбетов, Уланбек Мырзаканов, Болотбек Кенжематов, Санжар Эркинбаев, Алмаз Медеровдор атайын саат менен сыйланса, Виктор Косаев, Гүлзар Дүйшөнбаева, Мехмен Касымов, Дамир Аккабаковдорго өкмөт башчы алкыш жарыялады.

Жаңылыктар түрмөгү
0