Стивен Сигал тарта турган киносуна кыргызстандыкты издейт

© Sputnik / Кирилл Каллиников / Медиабанкка өтүүАтактуу актер жана режиссер Стивен Сигал. Архив
Атактуу актер жана режиссер Стивен Сигал. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тасмага тартылууга аялдар менен эркектер чакырылат. Башкы талап —англис тилин билүү керек.

БИШКЕК, 31-авг. — Sputnik. Атактуу актер жана режиссер Стивен Сигал тарта турган өзүнүн киносуна кыргызстандыкты издейт. Бул туурасында Sputnik Кыргызстан агенттигине "Айтыш фильм" киностудиясынан кабарлашты. 

Актер Стивен Сигал Ыраакы Чыгыш кабыланына Борте ханыша деген ысым ыйгарды
Атактуу актер жана режиссер II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылышына келип катышат

Башкы талап — англис тилин билүү керек. 18-28 жаштын ортосундагы кыз-келиндер – мифтик ролго, ал эми 28-38 жаштагы эркектер — терс каармандын ролуна чакырылат. 

"Айтыш фильмдин" маалыматына караганда, ассистенттер керек жана алардын англис тилин билиши талап кылынат. Стивен Сигалдын кастинги 4-сентябрда саат 14.00дөн 19.00гө чейин "Айтыш фильм" студиясында болот. 

Жаңылыктар түрмөгү
0