Оштун айрым көчөлөрүндө 1-сентябрь күнү газ болбойт

© flickr.com / Steven DepoloГаз плита. Архив
Газ плита. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ишкана мындай аракет газ куурларындагы оңдоо иштерине байланыштуу экенин белгилейт.

БИШКЕК, 31-авг. — Sputnik. Ош шаарында 1-сентябрь күнү тогуз саатка газ берилбей тургандыгы тууралуу "Газпром Кыргызстан" ишканасынан кабарлашты. 

Маалыматка караганда шаардын Юбилейный, Технический жана Фергана көчөлөрүндө газ берүү 8.00дөн 17.00гө чейин токтотулат. 

Ишкана мындай аракет газ куурларындагы оңдоо иштерине байланыштуу экенин белгилейт.

Жаңылыктар түрмөгү
0