Улуттук китепканада Кыргызстандын тарыхы тууралуу китеп көргөзмөсү ачылды

Жазылуу
Көргөзмөдө Кыргызстандын эгемендүүлүк алгандыгы тууралуу документтерге күбө болууга болот.

БИШКЕК, 31-авг. — Sputnik. Алыкул Осмонов атындагы улуттук китепканда кечээ күнү "Кыргызстан эгемендүүлүгү" аттуу китеп көргөзмөсү ачылды. Бул тууралуу китепкананын маалымат кызматынан кабарлашты. 

Китептер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Улуттук китепканага 101 китеп белекке берилди
Көргөзмө өлкөнүн суверенитеттүүлүгү, тарыхы, саясаты, экономикасы, эл аралык мамилелери жана маданият менен адабияттын түзүлүшү тууралуу бөлүктөрдөн турат. 

Мындан тышкары, мамлекеттин 25 жылдык мааракесине карата Улуттук китепкананын кызматкерлери тарабынан "Кыргыз мамлекеттүүлүгү: булак жана заманбап. Тандалган библиография" аттуу библиографиялык көрсөткүч басылмага даярдалды. 

Аталган библиографиялык көрсөткүчтө Кыргызстандын түзүлүшү, өнүгүшү, адабияты камтылган. 

Мааракелик датага карата "Россия — Кыргызстан 1916-2016:бирдиктүү тарых жылдары", мамлекеттик ишмер, окумуштуу жана акын Касым Тыныстановдун 115 жылдыгына карата дагы көргөзмөлөрдү уюштуруу пландалып жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0