Кытай элчилигиндеги жарылуудан кийин терроризм боюнча кылмыш иши козголду

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстандагы Кытай элчилигинде болгон жарылуу жеринде милиция кызматкерлери. Архив
Кыргызстандагы Кытай элчилигинде болгон жарылуу жеринде милиция кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Окуя болгон жерде ыкчам-иликтөө иштери жүрүүдө.

БИШКЕК, 30-авг. — Sputnik. Кыргызстандагы Кытай элчилигинде болгон жарылуу боюнча КРдин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети терроризм фактысынын негизинде кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат кызматы билдирди.

Белгилей кетсек, 30-августта жан кечти жардыруучу зат салынган автоунаа менен Кытай элчилигинин дарбазасын барып сүзүп, жарылган

"Алдын ала маалыматтар боюнча террордук аракеттин айынан Кыргызстандын эки жараны жеңил жаракат алган", — деп айтылат УКМК тараткан маалыматта.

Окуя болгон жерде ыкчам-иликтөө иштери жүрүүдө.

Вице-премьер Жеңиш Разаков бул окуяны теракт деп атаган. Өлкө башчысы Алмазбек Атамбаев окуяны тыкыр иликтөөнү тапшырды

Кытай элчилигиндеги болгон теракттын хронологиясын Sputnik Кыргызстан маалыматынан окуңуздар>>

Жаңылыктар түрмөгү
0