Кыргыз кыз-келиндердин өмүрүн алган Москвадагы өрттү 20 тергөөчү иликтейт

© Sputnik / Анастасия АлександроваСотрудник МЧС России рядом с пострадавшим у склада на северо-востоке Москвы, где произошел пожар.
Сотрудник МЧС России рядом с пострадавшим у склада на северо-востоке Москвы, где произошел пожар. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тергөө, иликтөө иштерин 17 тергөөчү жана 7 эксперт-криминалист алып барат.

БИШКЕК, 29-авг. — Sputnik. Кыргыз кыз-келиндердин өмүрүн алган Москвадагы басмакананын кампасындагы өрттү 20 тергөөчүдөн турган топ иликтейт. Бул туурасында РИА Новости РФтин Тергөө комитетинен таянып маалымдады. 

"Ишти иликтөө үчүн атайын топ түзүлүп, ага 17 тергөөчү жана 7 эксперт-криминалист кирди", — деп айтылат маалыматта.

Соттук-медициналык 30га чукул экспертиза дайындалып, иликтөө аракеттери жасалды. 

27-август күнү Москвадагы басмаканада өрт чыгып, жалпысынан 17 адам каза болуп, алардын 14ү кыргызстандык кыз-келиндер экени белгилүү болгон. Дагы үч жабырлануучу оор абалда ооруканада жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0