Экс-депутат Эркин Алымбековдун сөөгү "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюлат

© Sputnik / Андрей Стенин / Медиабанкка өтүүЭстеликке гүл коюуу. Архив
Эстеликке гүл коюуу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жогорку Кеңештин мурунку депутаты Эркин Алымбеков 55 жаш курагында көз жумду.

БИШКЕК, 29-авг. — Sputnik. Экс-депутат Эркин Алымбековду акыркы сапарга узатуу зыйнаты эртең, 30-августта саат 10:00дө Бишкек шаарында болот. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине депутат Өмүрбек Текебаев билдирди. 

Эске сала кетсек, бүгүн, 29-августта Жогорку Кеңештин мурунку депутаты Эркин Алымбеков дүйнө салган.

"Маркумдун сөөгү Чыңгыз Айтматов жана Бөкөнбаев көчөлөрүнүн кесилишиндеги үйүнөн чыгарылып, "Ала-Арчадагы" мүрзөгө коюлат", — деди Текебаев. 

Анын айтымында, маркум менен коштошуу зыйнаты саат 10:00гө белгиленди.

Жаңылыктар түрмөгү
0