Кыргыз сулуусу "Мисс Интерконтиненталь" сынагына жолдомо утуп алды

© Фото / предоставлено Бегимай КарыбековойTop Model of The World – 2016 сулуулар конкурсунун катышуучусу Бегимай Карыбекова
Top Model of The World – 2016 сулуулар конкурсунун катышуучусу Бегимай Карыбекова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
18 жаштагы Карыбекова Кыргызстандын атынан Германиянын Бремен шаарында өткөн эл аралык Top Model Of The World сулуулар сынагына катышкан. Сынактын жыйынтыгында ал ири иш-чаранын лицензиясын жеңип алды.

БИШКЕК, 29-авг. — Sputnik. Кыргызстандык Бегимай Карыбекова "Мисс Интерконтиненталь – 2016" сулуулар сынагына катышууга укук алды. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине Бегимай өзү кабарлады. 

Ал Германияда өткөн Top Model of The World – 2016 сулуулар конкурсунун жыйынтыгында рейтинг тизмесинде үчүнчү турган сынакка катышууга укук алган. 

"Сынактын жыйынтыгы менен "Miss Intercontinental – 2016" сынагына Кыргызстанды жүзү болуп чыкмай болдум. Чакырууну Дүйнөлүк сулуулар сынагынын уюштуруучулары тапшырды", — деди Карыбекова. 

Дүйнөдө сулуулар сынагы боюнча үчүнчү орунда турган "Мисс Интерконтиненталь" 1971-жылы уюштурулган. 

Анын кезектегиси быйыл октябрда Шри-Ланкада өтөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0