Москвада өрттөн каза тапкандарга аза музыкасы жарыкка чыкты

© Sputnik / Константин Чалабов / Медиабанкка өтүүФортепиано. Архив
Фортепиано. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстанда 29-август аза күтүү күнү деп жарыяланды.

БИШКЕК, 29-авг. — Sputnik. Кыргызстандык композитор Совхозбек Айткеев Москвада болгон өрт кырсыгынын курмандыктарына арнап аза музыкасын жаратты. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен кабарлашты. 

Кыргызстандык жарандардын өмүрүн алган өрт кырсыгы ишемби күнү Москвадагы басмаканада болгон. Мындан улам бүгүн Кыргызстанда аза күтүү күнү жарыяланды. 

Маданият министрлиги маркумдардын жакындары менен туугандарына көңүл айтат. 

Кыргызстандын 14 жаранынын өмүрүн алган Москвадагы өрттүн чоо-жайы жана хронологиясын Sputnik Кыргызстан даярдаган материалдан окуңуз>>

Жаңылыктар түрмөгү
0