Меккеде зыяратчылардын коопсуздугун сактоо боюнча сабактар өтүлүүдө

Жазылуу
Равшан ажы Эратов Мекке шаарындагы ажы башчыларды чогултуп ажылардын коопсуздугу сактоо боюнча жыйын өттү.

БИШКЕК, 29-авг. — Sputnik. Ажылыкты уюштуруу боюнча убактылуу республикалык штабдын (УРШ) жетекчиси Равшан ажы Эратов Мекке шаарындагы ажы башчыларды чогултуп жыйын өттү. Анда ажылардын коопсуздугу сактоо боюнча талкуу болгонун муфтият билдирди. 

Маалыматка ылайык, Равшан ажы Эратов кыргызстандык ажылардын ыйык Харам мечитине кечки убактарда жалгыз барбастан өздөрүнүн тобу менен биргеликте барууларын, мечиттин ичиндеги диний жөрөлгөлөрдүн туура аткарылышы боюнча ажы башчыларга тиешелүү тапшырмаларды берди.

"Биз өзүбүздүн мамлекеттен келген жарандарыбызга өзгөчө көңүл буруп, аларга бардык жагынан сабактарды, жол коопсуздук жана ажылык амалдар боюнча инструкцияларды өтүшүбүз керек. Сауд Аравиясынын ажылык министрлиги тарабынан ажылардын коопсуздугуна өзгөчө көңүл бурулууда", — деди УРШ жетекчиси. 

Эскерте кетсек, Кыргызстандан ажыга сапар алгандардын акыркы тобу 29-августта учуп кетет. Быйыл ажыга Кыргызстандан 3685 адам барат. Мусулмандык парздын бирин аткарып келүүгө жумшала турган чыгымдын баасы — 2600 доллар.

Жаңылыктар түрмөгү
0