Көлдө Кыргызстан, Казакстан жана Тажикстандын аба инспекторлору окуудан өттү

© Sputnik / Игорь Зарембо / Медиабанкка өтүүУчак кабинасы. Архив
Учак кабинасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Программа инспекторлордун эксплуатациялык коопсуздук жана лайнерлердин жарактуулугун камсыздоо боюнча билимин тереңдетти.

БИШКЕК, 29-авг. — Sputnik. Ысык-Көлдө Кыргызстан, Казакстан жана Тажикстандын инспекторлорун окутуу боюнча сертификациялык курс жыйынтыкталганын Жарандык авиация агенттиги билдирди.

Маалыматка ылайык, иш-чара ИКАО/МАК RER/01/901 долбоору аркылуу Кыргызстандын авиакурамын күчөтүү программасынын алкагында уюштурулду.

Мында Airbus А318, А319, А320, А321 учактарын пайдалануунун жалпы аспектилери, жердеги тейлөө жана башка техникалык элементтер камтылган. Аталган программа инспекторлордун эксплуатациялык коопсуздук жана лайнерлердин жарактуулугун камсыздоо боюнча билимин тереңдетти.

Жаңылыктар түрмөгү
0