Жогорку Кеңеш Москвада өрттөн каза болгондордун үй-бүлөсүнө жардам берет

© AP Photo / Ivan SekretarevМосквада өрттөн каза болгондордун жакындары
Москвада өрттөн каза болгондордун жакындары - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Парламенттин төрагасы премьер-министр менен маркумдардын сөөгүн Кыргызстанга алып келүүнү талкуулады. Буга чейин өкмөт каза болгондордун жакындары менен туугандарына жардам берүү боюнча атайын штаб түзгөн.

БИШКЕК, 28-авг. — Sputnik. Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбеков Москвада өрттөн каза болгондордун жакындары менен туугандарына көңүл айтты. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматы билдирди.

Кечээ, 27-август күнү Алтуфьевск шоссесинин аймагындагы басмакананын кампасында өрт чыгып, Кыргызстандын 14 кыз-келининин өмүрүн алып кетти. Жабыркаган дагы үч адам учурда оор абалда ооруканада жатат. 

Каза болгондордун тизмеси жазылган жерге шаардыктар келип гүл коюшууда - Sputnik Кыргызстан
"…биз силерди сактай албай калдык" Бишкекте Москвада каза болгондор эскерилүүдө
Төрага парламенттин аппаратына маркумдардын үй-бүлөсүнө материалдык жардам берүүнү тапшырып, өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков менен каза болгондордун сөөгүн Кыргызстанга алып келүүнү талкуулады.

Бул кыргызстандыктар Москвадагы өрттөн каза болгон биринчи учуру эмес. Үстүбүздөгү жылдын 30-январында шаардын чыгыш бөлүгүндөгү Стромынка көчөсүндө жайгашкан өнөр жай ишканасы өрттөнүп, чатыры түшүп кеткен. Кырсыктан 12 адам каза болгон, анын сегизи — кыргызстандык, экөө Кыргызстанда төрөлгөн жана экөө Өзбекстандын жараны экени маалымдалган.

Кыргызстандын 14 жаранынын өмүрүн алган Москвадагы өрттүн чоо-жайы жана хронологиясын Sputnik Кыргызстан даярдаган материалдан окуңуз>>

Жаңылыктар түрмөгү
0