Москвадагы өрттөн каза тапкандардын тизмеси

© AP Photo / Ivan SekretarevМосквада болгон өрт кырсыгынан каза тапкандардын туугандары
Москвада болгон өрт кырсыгынан каза тапкандардын туугандары - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өрт кырсыгынан ажал тапкан кыргызстандыктар Ысык-Көл, Ош, Жалал-Абад жана Чүй облустарынын тургундары экени анык болду. Жабыркаган үч жаран Москванын ооруканаларына жеткирилген. Алардын абалы оор бойдон калууда.

БИШКЕК, 28-авг. — Sputnik. Москвада болгон өрт кырсыгынан каза тапкандардын тизмеси белгилүү болгондугу тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашты.

Ишемби күнү эртең менен Москванын түндүк чыгышында чыккан өрт кыргызстандык 14 жарандын өмүрүн алды

Каза тапкандардын тизмеси:

  1. Нурай Жумадылова — 18 жашта, Ысык-Көл облусуна караштуу Ак-суу районундагы Ак-Булуң айылынын тургуну;
  2. Гүлбара Бообекова — 45 жашта, Чүй облусундагы Кемин районунун тургуну;
  3. Динара Раимкулова — 33 жашта, Жалал-Абад облусуна караштуу Сузак районундагы Кыз-Көл айылынын тургуну;
  4. Жаркынай Абдуганиева — 34 жашта, Ош облусуна караштуу Ноокат районундагы Төөлөс айылынын тургуну;
  5. Айсулуу Базарбай кызы — 23 жашта, Ош облусуна караштуу Өзгөн районундагы Куршаб айылынын тургуну;
  6. Махигүл Азимжан кызы — 21 жашта, Жалал-Абад облусуна караштуу Ноокен районунун Курулуш айылынын тургуну;
  7. Алмаш Камчыбекова — 18 жашта, Ош облусуна караштуу Өзгөн районундагы Куршаб айылынын тургуну;
  8. Алина Топчиева — 22 жашта, Ош шаарынын тургуну;
  9. Айкөл Абдаким кызы — 23 жашта, Ош облусуна караштуу Алай районундагы Кабылан айылынын тургуну;
  10. Алина Канатбек кызы — 22 жашта, Ош облусуна караштуу Ноокат районунун Төөлөс айылынын тургуну;
  11. Жаңылмырза Коргонбай кызы — 21 жашта, Ош облусуна караштуу Кара-Суу районунун Кара-Дөбө айылынын тургуну;
  12. Индира Маматкасымова — 39 жашта, Ысык-Көл облусуна караштуу Каракол шаарынын тургуну;
  13. Кыял Алабердиева — 30 жашта, Ысык-Көл облусундагы Ак-Суу районуна караштуу Челпек айылынын тургуну;
  14. Айчүрөк Абдумаматова — 26 жашта, Ош шаарынын тургуну.

Мындан тышкары, каза тапкандардын арасында Россиянын үч жараны бар экени аныкталды. 

Өрт кырсыгынан жабыркап, медициналык борборлорго жеткирилген кыргызстандык жарандар:

  1. Кызбурак Калбай кызы — реанимацияга жаткырылды, абалы оор;
  2. Нурмухамед Кадыржанов — 20 жашта, оорукананын күйүк борборуна жаткырылды, абалы оор;
  3. Уларбек Исраил уулу — 24 жашта, оорукананын күйүк борборуна жеткирилген, абалы оор. 

Өрттүн себептери:

Москва шаарындагы Алтуфьевск шоссесиндеги №5 имаратта жайгашкан басмакананын кампасында чыккан тилсиз жоонун кесепети - Sputnik Кыргызстан
Москвадагы өрт: окуянын хронологиясы, тирүүлөй өрттөлгөн мекендештер, өчкөн өмүрлөр
Россиялык ӨКМдин Москва шаары боюнча жетекчиси Илья Денисовдун айтымында, өрт лампанын электр зымдары биригип калгандыгына байланыштуу чыккан. Оттун жалыны тез өрчүп кеткендиктен 4-кабаттагы адамдар чыгууга жетишпей, газга ууланып каза табышкан. Ал эми кишилер сыртынан кулптанып калганы үчүн эшикке чыгууга мүмкүн болгон эмес деген маалыматты четке какты. 

Аталган факты боюнча Россиянын Кылмыш жаза кодексинин 219-беренесинин (өрт коопсуздугун сактабагандык) негизинде кылмыш иши козголду. 

Учурда Президент Алмазбек Атамбаевдин тапшырмасы менен курман болгондордун сөөгүн Кыргызстанга алып келүү үчүн атайы борт бөлүнгөн. Вице-премьер Кудайбердиева башында турган жумушчу топ бүгүн, 28-августта, Москва шаарына учуп кетет.

Москвада чыккан өрттөн кыргызстандыктар биринчи жолу жабыркап жаткан жок. Үстүбүздөгү жылдын 30-январында Стромынка көчөсүндө өндүрүш имараты өрткө кабылып, 12 адам каза тапкан. Алардын сегизи кыргызстандык жана экөө Кыргызстанда төрөлгөндөр болгон. Кырсыктан дагы эки өзбекстандык жаран каза тапкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0