Өкмөт Москвада өрттөн каза болгондордун сөөгүн алып келүү чыгымын көтөрөт

© Sputnik / Максим Блинов / Медиабанкка өтүүУчак. Архив
Учак. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Вице-премьер башында турган топ бүгүн Москвага учуп кетет. Ал эми каза болгондордун сөөгүн таануу боюнча иштер жыйынтыкталды.

БИШКЕК, 28-авг. — Sputnik. Кыргыз өкмөтү Москва шаарында курман болгондордун жакындарына жана туугандарына көмөк көрсөтүү боюнча штаб түзгөнүн анын маалымат кызматы билдирди.

Эскерте кетсек, кечээ, 27-август күнү Москва шаарынын Алтуфьевское шоссесинде жайгашкан басмаканада өрт чыккан. Андан Кыргызстандын 14 жараны каза болуп үчөө жабыркаган. 

Москва шаарындагы Алтуфьевск шоссесиндеги №5 имаратта жайгашкан басмакананын кампасында чыккан тилсиз жоонун кесепети - Sputnik Кыргызстан
Москвадагы өрт: окуянын хронологиясы, тирүүлөй өрттөлгөн мекендештер, өчкөн өмүрлөр
Маалыматка ылайык, премьер-министр Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 28-августта, кеңешме өткөрүп, анда өкмөт алдында вице-премьер Гүлмира Кудайбердиева жетекчилик кылган Москва шаарында курман болгондордун жакындарына жана туугандарына көмөк көрсөтүү боюнча штаб түзүү тууралуу чечим кабыл алынды.

Президент Алмазбек Атамбаевдин тапшырмасы менен курман болгондордун сөөгүн Кыргызстанга алып келүү үчүн атайы борт бөлүнгөн.

Кудайбердиева башында турган жумушчу топ бүгүн, 28-августта, Москва шаарына учуп кетет. Топтун курамына курман болгондордун жакындарына жана туугандарына көмөк көрсөтүү үчүн өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов, Саламаттык сактоо министрлигинин жана Мамлекеттик миграция кызматынын өкүлдөрү, дарыгерлер, психологдор киргизилген.

Курман болгондордун сөөгүн алып келүү, жерге берүүгө байланыштуу чыгымдарга тийиштүү бардык маселелер өкмөт тарабынан чечилет.

Кеңешмеде тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев каза болгондордун сөөгүн таануу боюнча иштер жыйынтыкталганын билдирди. ИИМ башчысы Кашкар Жунушалиевдин маалыматына ылайык, кырсыктан 14 адам курман болуп, үч адам жабыркаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0