21:41 17 Теке 2018
Түз эфир
  • USD68.1634
  • EUR80.0375
  • RUB1.0917
Москвадагы өрттөнгөн басмаканадагы жабыркаган кыргыздар

ТИМ Москвадагы өрттөн жабыркап ооруканага түшкөн кыргыздардын аты-жөнүн билдирди

© AFP 2018 / VASILY MAXIMOV
Коом
Кыскача шилтеме алуу
Москва: басмаканадагы кыргызстандыктардын өмүрүн алган өрт (82)
71810

Кырсыктан баш-аягы болуп 17 киши курман болгон, ал эми үчөө – бир аял менен эки эркек оор абалда ооруканада жатат. Көз жумгандардын 15и кыргызстандыктар.

БИШКЕК, 27-авг. — Sputnik. Москвадагы өрттөнгөн басмаканадагы жабыркаган кыргыздардын абалы оор бойдон калууда. Буга чейин Алтуфьевск шоссесиндеги басмаканадагы тилсиз жоодон көз жумгандардын саны 17 деп кабарланган. Өрт — электр лапмасынын замдарынын кызып кеткенинен чыккан деген версия айтылды. Россиянын тергөө комитети бул боюнча кылмыш ишин козгоду.

Тилсиз жоодон жабырланган эки эрекек киши Иноземцев атындагы №36 шаардык клиникалык ооруканасына жеткирилген. Дагы бир аял киши Склифосовский атындагы илим-изилдөө институтунун кайра жандандыруу бөлүмүндө жатат. 

№36 шаардык ооруканада иштеген медициналык кызматкер 20 жана 23 жаштагы кыргызстандык эки жигит келип түшкөндүгүн жана алар Россия аймагында мыйзамсыз жүргөнүн айтты.

"Күйүк бөлүмүнөн кайра жандандыруу бөлүмүнө которулду, экөөнүн тең абалы оор", — деди медкызматкер.

Склифосовский атындагы ооруканага жеткирилген аялдын жашы азырынча тактала элек. Аталган жайдын кызматкерлеринин маалыматында, ал дагы оор абалда жатат жана өмүрүн сактап калуу үчүн бардык аракеттер көрүлүп жатат.

Ооруканадан алардын туугандары менен байланышууга мүмкүн болду деп айтышты.

Кыргызстандын ТИМи учурда ооруканада Кыргызстандын Кызбулак Калбай кызы, Уларбек Исраил уулу, Нурмахамед Кадыржанов атуу үч жараны жаткандыгын билдирди. Министрликтен дагы бир жаран ооруканага жетпей жолдон көз жумгандыгын кабарлады.

ТИМдин тактаган маалыматтарына таянсак, каза болгон кыргызстандыктардын саны – 15 адам.

Жогоруда айтылган ооруканаларга КРдин Россиядагы элчислигинин кызматкерлери чыгып кетти, ал эми аза болгон жарадын аты-жөнү такталууда.

Москва шаарындагы кыргызстандыктар каза тапкан басмаканада чыккан өрттөн тартылган кадрларды Sputnik Кыргызстандын видеосунан көрүңүз>>

Тема:
Москва: басмаканадагы кыргызстандыктардын өмүрүн алган өрт (82)

Тема боюнча

Кыргыздар өрттөнгөн Москвадагы кырсыктын чыгышына электр лампасы себеп болгон
ТИМ: Москва шаарындагы өрттөн көз жумгандардын баары кыргызстандыктар эмес
Москвадагы кыргыз диаспоралары 17 кыргыз өрттөнүп каза тапкан жерге жөнөп кетти
Белгилер:
басмакана, күйүк, өрт кырсыгы, жаран, оорукана, Москва
Колдонуу эрежелериПикирлер

ЭҢ МААНИЛҮҮ