Москвадагы кыргыз диаспоралары 17 кыргыз өрттөнүп каза тапкан жерге жөнөп кетти

© Sputnik / Евгения Новоженина / Медиабанкка өтүүСмог в Москве
Смог в Москве - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Кыргыз биримдиги" бирикмесинин жетекчиси Абдыганы Шакировдун айтымында, диаспоралар биригип, колдон келген жардамын берүүгө даяр.

БИШКЕК, 27-авг. — Sputnik. Москвадагы кыргыз диаспоралары 17 кыргыздын өмүрүн алган өрт чыккан басмаканага жөнөп кетти. Бул тууралуу РИА Новости "Кыргыз биримдиги" бирикмесинин жетекчиси Адыганы Шакировго шилтеме берүү менен билдирди.

Эске сала кетсек, Москва шаарынын Алтуфьевское шоссесинде жайгашкан басмаканада өрт чыккан. Окуяга күбө болгондордун айтымында жалын чулгаган имараттын ичинде кеминде 17ге чукул киши калып калган. Жаракат алгандардын саны — үчөө. Ажал тапкандардын арасында жаш улан-кыздар жана кош бойлуу келин калып кеткендиги айтылууда.

"Биз бул кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдык. Учурда кыргыздар чогулуп, аталган жерге жөнөп жатабыз. Мындай кырсык биринчи ирет болуп жаткан жок. Диаспоралар биригип, колдон келген жардамыбызды беребиз", — деди Шакиров.

Белгилей кетсек, февраль айында Москва шаарынын Стромынка көчөсүндө дагы өрт чыгып, кыргызстандык 8 жаран каза болгон.

Москва шаарындагы кыргызстандыктар каза тапкан басмаканада чыккан өрттөн тартылган кадрларды Sputnik Кыргызстандын видеосунан көрүңүз>>

Жаңылыктар түрмөгү
0