23:29 16 Үчтүн айы 2018
Түз эфир
Үркүндүн 100 жылдыгына арналган мемориалдык эстелик Ысык-Көл облусунун борбору Каракол шаарына орнотулду.

Караколдо Үркүнгө арналган туурасы 16 метр болгон мемориал орнотулду

© Фото / пресс-служба полпредства Иссык-Кульской области при правительстве КР
Коом
Кыскача шилтеме алуу
Үркүндүн 100 жылдыгы (35)
114 0 0

Анын долбоорун президент Алмазбек Атамбаев өзү көрүп жактырган. Эстеликте 100гө чукул караан чагылдырылган, ал эми өспүрүм менен абышка көзгө дароо урунат.

БИШКЕК, 27-авг. — Sputnik. Үркүндүн 100 жылдыгына арналган мемориалдык эстелик Ысык-Көл облусунун борбору Каракол шаарына орнотулду. Бул туурасында Sputnik Кыргызстан агенттигине эмгектин автору, художник-скульптор Марлен Бакатиев билдирди.

Анын айтымында, долбоорду президент Алмазбек Атамбаев өзү көрүп жактырган. Ага кеткен каражаттын басымдуу бөлүгүн мамлекет башчынын фондусу мойнуна алып, 2, 5 миллион сом бөлгөн. Жалпысы монументке 4,5 миллион сом жумшалып, калган каражатты Ысык-Көлдү өнүктүрүү боюнча фондусу берген. 

  • Үркүндүн 100 жылдыгына арналган мемориалдык эстелик Ысык-Көл облусунун борбору Каракол шаарына орнотулду.
    Үркүндүн 100 жылдыгына арналган мемориалдык эстелик Ысык-Көл облусунун борбору Каракол шаарына орнотулду.
    © Фото / пресс-служба полпредства Иссык-Кульской области при правительстве КР
  • Бул туурасында Sputnik Кыргызстан агенттигине эмгектин автору, художник-скульптор Марлен Бакатиев билдирди.
    Бул туурасында Sputnik Кыргызстан агенттигине эмгектин автору, художник-скульптор Марлен Бакатиев билдирди.
    © Фото / пресс-служба полпредства Иссык-Кульской области при правительстве КР
  • Анын айтымында, долбоорду президент Алмазбек Атамбаев өзү көрүп жактырган.
    Анын айтымында, долбоорду президент Алмазбек Атамбаев өзү көрүп жактырган.
    © Фото / пресс-служба полпредства Иссык-Кульской области при правительстве КР
  • Ага кеткен каражаттын басымдуу бөлүгүн мамлекет башчынын фондусу мойнуна алып, 2, 5 миллион сом бөлгөн.
    Ага кеткен каражаттын басымдуу бөлүгүн мамлекет башчынын фондусу мойнуна алып, 2, 5 миллион сом бөлгөн.
    © Фото / пресс-служба полпредства Иссык-Кульской области при правительстве КР
1 / 4
© Фото / пресс-служба полпредства Иссык-Кульской области при правительстве КР
Үркүндүн 100 жылдыгына арналган мемориалдык эстелик Ысык-Көл облусунун борбору Каракол шаарына орнотулду.

Мемориальный комплекс, посвященный жертвам народно-освободительного восстания 1916 года в Боомском ущелье
© Фото / пресс-служба НАН КР
Каракол мэриясы Жеңиш сейил багынын аянтынан атайын жер бөлгөн. Алдын ала маалыматтарга караганда, мемориалдын ачылышы Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 25 жылдыгына карата өткөрүлөт.

Эстеликте 100гө чукул караан турат, ал эми таяк көтөрүп турган өспүрүм менен абышка көзгө дароо урунат.

Автордун айтымында, мемориал жезден жасалган, туурасы 16 метр, узуну 4,5 метр.

"Эстеликтеги башкы эки элес – таяк кармап турган бала менен абышка. Аксакалдын оозунан "Токтогула!" деген сөз чыккан сыяктуу. Ал эми баланын колундагы таяк элдин куралсыз болгонун көрсөтүп турат",— деп айтып берди автор.

Буга чейин трагедиялуу Үркүндүн 100 жылдыгына карата атайын мемориалдын эскизине сынак жарыяланган.

1916-жылы улуттук-боштондук күрөш чыгып, ал көптөгөн кыргызстандыктардын өлүмүнө алып келген. Бул кайгылуу окуя эл арасында Үркүн деген ат менен калган. 

Тема:
Үркүндүн 100 жылдыгы (35)

Тема боюнча

Үркүнгө арналган эстеликке мэрия менен Маданият министрлиги сынак жарыялады
Белгилер:
скульптор, Мемориал, Үркүн, Марлен Бакатиев, Каракол
Колдонуу эрежелериПикирлер

ЭҢ МААНИЛҮҮ