БУУ: Бишкек шаарында 422 адамдын жарандыгы жок

Жазылуу
Ал эми жарандык алуу жаатында жардам сураган 184 адамдын 147си маселесин оң жакка чечкен.

БИШКЕК, 26-авг. — Sputnik. Бишкек шаарынын вице-мэри Айгул Рыскулова БУУнун качкындардын укугун коргоо жаатында иш алып барган адистери менен жолукту. Бул тууралуу мэриядан билдирди. 

Жолугушуу учурунда тараптар Бишкек шаарындагы ички миграция жана качкындар жаатында жасалып жаткан иштер тууралуу пикир алышты. 

"Үстүбүздөгү жылдын 1-августуна карата Бишкек шаарында 422 адамдын жарансыз жүргөнү аныкталды. Ал эми жарандык алуу жаатында жардам сураган 184 адамдын 147си маселесин оң жакка чечкен", — деп айтылат маалыматта. 

Жолугушуунун соңунда тараптар алдыдагы пландарды ишке ашыруу жаатында сүйлөшүштү.

Жаңылыктар түрмөгү
0