Атактуу оратор Ник Вуйчич февралда Кыргызстанга келет

© Sputnik / Нина Зотина / Медиабанкка өтүүДүйнөгө атактуу австралиялык оратор Ник Вуйчич. Архив
Дүйнөгө атактуу австралиялык оратор Ник Вуйчич. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ник Вуйчичтин төрөлгөндө эле майып болуп, эки буту жана эки колу өспөй калган. Анткен менен оратор миңдеген адамдарга лекция өтүп, алга умтултуп келет.

БИШКЕК, 26-авг. — Sputnik. Дүйнөгө атактуу австралиялык оратор Ник Вуйчич 2017-жылдын февраль айында Бишкек шаарына келет. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине "Кыргызстандагы жетим балдардын укугун коргоо" фондусунун жетекчиси Игорь Беляев билдирди. 

Анын айтымында, кыргыз тарап оратордун КМШ өлкөлөр боюнча расмий өкүлү менен байланышкан. 

"Биз Ник Вуйчичтин расмий өкүлү менен байланышып, 15-16-февралга чакырганбыз. Ушул күндөрү Америкада лекциялары болгондуктан февраль айынын башында келе турган болду. Ал атайын коляска жана жапыз керебет даярдап коюшубузду өтүндү. Буюрса Кыргызстанга келээр алдында атайын видео кайрылуу жасайт", — деди Беляев. 

Николас Жеймс (Ник) Вуйчич — 34 жаштагы австралиялык оратор, меценат, жазуучу жана ырчы. Ал төрөлгөндө эле эки буту жана эки колу өспөй калган. Анткен менен ийгиликти багынтууга майыптыгы тоскоолдук кыла алган эмес. Вуйчич адамдарга мотивация берип, өз тажрыйбасы менен бөлүшүп келет.

Жаңылыктар түрмөгү
0