Вице-премьер: Өзбекстандын Үңкүр-Тоо боюнча позициясы түшүнүксүз болуп жатат

© Фото / SputnikУнкур-Тоо. Архив
Ункур-Тоо. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өзбек милиционерлеринин чек аранын талаш жериндеги Үңкүр-Тоого келгенине бүгүн беш күн болду. Муну менен катар өзбек чек арачылар тарабынан кармалган "Кербен" станциясынын төрт кызматкери да мекенине кайтарыла элек.

БИШКЕК, 26-авг. — Sputnik. Өзбекстандын Үңкүр-Тоодогу абал боюнча аракеттери Кыргызстан үчүн түшүнүксүз болуп жатат. Бул тууралуу чек ара маселелери боюнча вице-премьер Жеңиш Разаковдун сөздөрүн өкмөттүн маалымат кызматы келтирет.

Вышка. Архив - Sputnik Кыргызстан
Байланыш комитети: Үңкүр-Тоодо телеберүү менен Интернет үзгүлтүксүз иштөөдө
Эскерте кетсек, апта башында аталган аймакка Өзбекстандын жети милиция кызматкери тик учак менен келип конгон. Андан кийин Кыргызстандын телемунарасында иштеген төрт кызматкер кармалып, коңшу өлкөнүн Жаңы-Коргон РИИБсине алынып келген. Кыргызстан милиция кызматкерлеринин аталган аймактан кетишин жана кармалган жарандардын кое берилишин талап кылган.

Разаков кармалган жарандар боюнча абал өлкө бийлигинин көзөмөлүндө экенин белгиледи.

"Президент Алмазбек Атамбаев ТИМге, күч түзүмдөрүнүн жетекчилерине тийиштүү тапшырмаларды берди. Кыргызстандын Үңкүр-Тоо боюнча позициясы белгилүү — аймак талаштуу. Андыктан бизге Өзбекстандын кадамдары түшүнүксүз болуп жатат", — деди вице-премьер. 

Ал учурда тийиштүү ведомстволор өзбек тарап менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканын кошумчалады.

"Кармалгандардын жакындары менен тынымсыз байланышып жатабыз", — деди Разаков. 

Өзбекстандын чек арачылары буга чейин Кыргызстандын аймагында кармалган өзбек милиционерин бошотуу жана Орто-Токой суу сактагычынын айланасындагы милиция постторун алып салуу талабын койгон. Милиционерге айып салынып, мекенине кайтарылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0