БИШКЕК, 26-авг. — Sputnik. Бишкек шаарынын Ала-Тоо аянтында жана өкмөт үйүнүн жанында 15-сентябрга чейин митинг өткөрүүгө тыюу салынды. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдирди.
Чектөө Биринчи май райондук сотунун 7-июлда чыгарган чечиминин негизинде киргизилип жатат. Андагы чечимге ылайык, демилгени Биринчи май райондук администрациясы көтөргөн.
Аталган райондун жетекчилиги акыркы терактардан улам жарандар кабатыр болуп жатканын айтып, мындан тышкары, КМШ президенттери катышкан саммитка даярдык көрүү максатында ушул демилге көтөрүлгөндүгүн белгиледи.
Соттун чечимине ылайык, 6-июлдан тартып 15-сентябрга чейин аталган жайларда нааразычылык акцияларын өткөрүүгө тыюу салынат.
Эгерде митинг өткөрүүнү каалагандар болсо, Максим Горький атындагы скверге бара алат.