БШК: электрондук эсептөөчү урналар кореялык компаниядан сатып алынды

© Фото / Диля РодионоваЭлектрондук урна. Архив
Электрондук урна. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Борбордук шайлоо комиссиясы буга чейин Конституциялык референдум өткөрүү үчүн кошумча урна сатып алууга тендер жарыялаган.

БИШКЕК, 26-авг. — Sputnik. Борбордук шайлоо комиссиясы электрондук эсептөөчү урналарды Mira Systems корей компаниясынан 232 миллион сомго сатып алгандыгы тууралуу мекеменин маалымат кызматынан кабарлашты. 

Белгилей кетсек, БШК 11-август күнү Конституциялык референдум өткөрүүгө кошумча электрондук эсептөөчү урналарды сатып алуу үчүн 284 миллион 248 миң 100 сомго тендер жарыялаган.

"Үстүбүздөгү жылдын күз айларында 412 айылдык жана шаардык кеңештерде шайлоо өнөктүгү өткөрүлөт. Анда мажоритардык жана пропорционалдык система колдонулгандыктан кошумча урналар керек болот", — деп айтылат маалыматта. 

Президент Алмазбек Атамбаев и председатель Центральной комиссии по выборам и проведению референдумов Нуржан Шайлдабекова. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Атамбаев БШК жетекчисине президенттик шайлоону ачык-айкын өткөрүүнү тапшырды
Билдирмеге караганда парламенттик шайлоо учурунда бюллетендер А4 стандарттык өлчөмдө болгон. Ал эми жергиликтүү кеңешке депутаттарды шайлоо учурунда талапкерлердин саны 50дөн 80ге чейин жеткендиктен бюллетендин узундугу 70 сантиметрди түзүп, урналардын сыйымдуулугун 200-500 бюллетенге чейин азайткан. Буга байланыштуу 11 урнаны эки гана участкага коюуга туура келген. Шайлоо өнөктүгүнөн кийин БШК кошумча дагы эки миң урна керек экенин эсептеп чыккан. 

"Талаптарга ылайык ар бир шайлоо участкасы негизги жана запаста турган урналар менен камсыздалышы керек. Ушул себептерге байланыштуу кошумча урналарды сатып алуу муктаждыгы пайда болду", — деп айтылат маалыматта. 

Учурда көлөмү кеңейтилген урналар кошумча нарк салыгын эсепке албаганда 232 миллион сомго сатылып алынган. Бул каражат шайлоо реформасын ишке ашыруу үчүн Европа биримдиги бөлгөн 5 миллион евролук гранттын негизинде алынды. 

Жаңылыктар түрмөгү
0