"Хан-Теңирдеги" жаныбарлар үчүн заманбап техника бөлүндү

© Фото / Геннадий ЗакировЫсык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы "Хан-Теңири" чокусу. Архив
Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Хан-Теңири чокусу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жаныбарлардан сырткары техниканын жардамы менен өсүмдүктөр дүйнөсүнө байкоо салып туруу жакшырат.

БИШКЕК, 26-авг. — Sputnik. Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы "Хан-Теңири" жаратылыш паркы заманбап технологиялуу болду. Бул коруктагы сейрек кездешкен жаныбарларды көзөмөлдөп, жүргөн жерлерин так билип турганга мүмкүнчүлүк берет деп билдирди аталган аймактын жетекчиси Кубанычбек Бекбоев.

Элик. Архив - Sputnik Кыргызстан
Фотокапкан. Аюу, илбирс баштаган жапайы жаныбарлар сүрөткө түштү
"Хан-Теңири" паркынын кызматкерлерине компьютерлер, ноутбуктар, фотоаппараттар жана GPS жабдуулар, дүрбүлөр, телефон аппараттары тапшырылды. 

Булардын жардамы менен токойчулар жана адистер коруктун аймагындагы жырткычтарга, куштарга жана жаныбарларга аралыктан көз салып, ал тургай кайсыл жолдор менен жүргөндүгүн, коопсуздугун карап турушат. Андан сырткары, өсүмдүктөр дүйнөсүнө байкоо салып туруу жакшырат. 

"Андыктан мындай жабдуулар бизге зарыл", — деди Хан-Теңири жаратылыш паркынын жетекчиси Бекбоев.

Заманбап техникалар ПРООН жана Глобалдуу экологиялык фондунун Тянь-Шань тоолорунун аймагындагы өзгөчө коргоого алууну жакшыртуу долбоорунун алкагында тапшырылды. 

Жаңылыктар түрмөгү
0