Ошто үйдүн ваннасынан бир жарым метрлик жылан табылды

© Sputnik / Борис Ушмайкин / Медиабанкка өтүүЖылан. Архив
Жылан. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Корккон жашоочулар куткаруучуларды чакырышкан.

БИШКЕК, 26-авг. — Sputnik. Ош облусуна караштуу Фурхат айылындагы үйлөрдүн биринин ваннасынан 1,5 метрлик жылан табылгандыгы тууралуу ӨКМдин маалымат кызматынан кабарлашты.

Окуя кечээ күнү болгон. 

"Үйдүн жашоочулары коркуп кетип куткаруучуларды чакырышкан. Жылан үйгө кокусунан кирип кеткен", — деп айтылат маалыматта.

Ведомстводон кабарлашкандай №102 бөлүмдүн куткаруучулары жыланды үйдөн алып чыгышкан. Жандыктын түрү азырынча белгисиз. 

Жаңылыктар түрмөгү
0