БИШКЕК, 26-авг. — Sputnik. Үңкүр-Тоодогу "Кербен" станциясында телефондук жана уюлдук байланыш, Интернет, мамлекеттик каналдар өз тартибинде иштеп жатат. Бул тууралуу Байланыш жана маалымат технологиялары боюнча мамлекеттик комитет билдирди.
Бейшемби күнү КРдин аталган мамлекеттик комитети уюлдук операторлор менен жолугушуу өткөрдү. Мекеме электр энергиясы өчүрүлгөн маалга автоматтык түрдө иштей баштоочу дизель генераторлору сыяктуу резервдик система каралганын маалымдады. Мындан улам "Кербенде" күтүүсүз кырдаалда пайдаланылуучу резервдик система пайдаланылып, ал телефондук жана уюлдук байланыш, Интернет жана мамлекеттик телерадиоканалдардын тынымсыз иштөөсүн камсыздайт.