Эгемендүүлүк күнү аскер парады кандайча өтөрүн Башкы штаб айтып берди

© Фото / пресс-служба Генштаба КРКуралдуу күчтөрүнүн Башкы штабы 31-август эгемендүүлүк күнүнө даярдануусу. Архив
Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабы 31-август эгемендүүлүк күнүнө даярдануусу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ала-Тоо аянтынан аскер техникасы менен аскерлер марш басышат. Ал эми шаар үстүнөн аскер авиациясы учуп өтөт.

БИШКЕК, 25-авг. — Sputnik. Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабы 31-август эгемендүүлүк күнүн майрамдоо учурунда аскер парады кандайча өтөрү тууралуу айтып берди. 

Дүйнө жүзүн учак менен кыдырып чыгууга аттанган 47 жаштагы кыргызстандык Союзбек Салиев - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандык жаран өз учагы менен дүйнөнү кыдырууга аттанды
Өлкөнүн 25 жылдык мааракесине арналган аскердик парад Ала-Тоо аянтында өткөрүлөт. Салтанаттуу иш-чара эртең менен саат 9.00дө башталат.

Парадга 1500дөн ашык аскер кызматкери менен 80 даана аскер техникасы чыгарылат. Мындан тышкары, шаар менен Ала-Тоо аянтынын үстүнөн аскер учактары учуп өтөт.

Жарандардын коопсуздугун сактоо максатында саат 9.00дөн 12.00гө чейин учуучу аппарат — дрон, квадракоптер, октокоптерлерге тыюу салынат. Мындай каражаттар аскер учактарына жолтоо болуп, жарандарга зыян алып келиши ыктымал. 

Уруксатсыз колдонулган аппараттар күч кызматкерлери тарабынан тартып алынат. 

Бишкекте 31-августта өтө турган майрамдык иш-чаралардын программасын Sputnik Кыргызстан материалынан окуңуз>>

Жаңылыктар түрмөгү
0