Көчмөндөр оюну учурунда Балыкчы — Ананьево — Каракол каттамына чектөө кирет

© Sputnik / Табылды КадырбековЖүк ташуучу автоунаанын шопуру. Архив
Жүк ташуучу автоунаанын шопуру. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кайгуул милициясы жергиликтүү калкка киргизилип жаткан чектөөлөрдү туура түшүнүү менен кабыл алууну өтүнөт.

БИШКЕК, 25-авг. — Sputnik. Экинчи дүйнөлүк көчмөндөр оюндары учурунда Балыкчы — Ананьево — Каракол унаа жолундагы кыймылга чектөө киргизилет. Бул тууралуу ИИМдин Кайгуул милициясы билдирди. 

Эске сала кетсек, II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Ысык-Көл облусунда 2016-жылдын 3-8-сентябрында өтөт.

"Көчмөндөр оюндарына байланыштуу 3-8-сентярь күндөрү Балыкчы — Ананьево — Каракол  унаа жолунда оор жүк ташуучуу, жүк ташуучуу, автобус, кичи автобус жана айыл чарба техникаларынын жүрүшүнө чектөө киргизилет", — деп айтылат маалыматта. 

Кайгуул милициясы жергиликтүү калкты киргизилип жаткан чектөөлөргө түшүнүү менен карап, ал эми айдоочуларга сапарга күңгөй маршруту, Балыкчы — Бөкөнбаев — Каракол каттамы аркылуу чыгууну сунуштайт.

Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги жана радиосу Көчмөндөр оюндарынын расмий медиа өнөктөшү.

Жаңылыктар түрмөгү
0