Чек ара кызматы: Өзбекстан кармап кеткен кыргыздар бошотула элек

© ФотоЧек ара зымы. Архив
Чек ара зымы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мамлекеттик чек ара кызматынын жетекчиси Абдыкарим Алымбаев маселе жакынкы убакытта чечилерин айтты.

БИШКЕК, 25-авг. — Sputnik. Буга чейин өзбек аскерлери тарабынан кармалып кеткен төрт кыргызстандык жаран бошотула элек. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине Чек ара кызматынын жетекчиси Абдыкарим Алымбаев билдирди.

Президент Алмазбек Атамбаев Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаевди, президент аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Сапар Исаковду кабыл алуу учурунда - Sputnik Кыргызстан
Атамбаев: экс-президенттер кыргыздын жерлерин коңшулардыкы деп тааныган фактылар бар
Эскерте кетсек, буга чейин кыргыз-өзбек чек арасындагы талаштуу жерде жайгашкан Үңкүр-Тоого коңшу өлкөнүн жети милиция кызматкери тик учак менен конгон. Мындай кадамды түшүндүрүү талабына өзбекстандыктар буга чейин кыргыз чек арачылар тарабынан кармалган өзбек милиционерин бошотуу жана Орто-Токой суу сактагычынын айланасындагы милиция постторун алуу талабын коюшкан.  Сүйлөшүүлөрдөн соң аталган кызматкер бошотулган

24-август күнү коңшу өлкөнүн чек арачылары Кербен шаарындагы телемунарада иштеген төрт кыргызстандык адисти кармап кетишкен. 

"Учурда сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Азырынча кыргызстандыктар бошотула элек. Жакынкы убакытта маселе чечилип калат, буюрса", — деди Алымбаев. 

Белгилей кетсек, Үңкүр-Тоодогу Өзбекстандын милиция кызматкерлери кете элек. 

Жаңылыктар түрмөгү
0