Бишкектеги Тыныбеков көчөсүнө 11 млн. сомдон ашык каражатка бейтапкана курулат

© Sputnik / Евгений Самарин / Медиабанкка өтүүБейтапкана. Архив
Бейтапкана. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тендер 24-августта жарыяланып, мөөнөтү үстүбүздөгү жылдын 14-сентябрында аяктайт.

БИШКЕК, 25-авг. — Sputnik. Бишкек мэриясынын алдындагы Капиталдык курулуш башкармалыгы Бишкектеги Тыныбеков көчөсүнө №2 поликлиниканын филиалын курууга тендер жарыялады.

Мамлекеттик сатып алуулар порталындагы маалыматка караганда филиалдын курулушуна 11 миллион 600 миң сом жумшалганы жатат. 

Тендер 24-августта жарыяланып, мөөнөтү үстүбүздөгү жылдын 14-сентябрында  аяктайт. 

Жаңылыктар түрмөгү
0