Кытайдын Кыргызстандагы элчисинин иштөө мөөнөтү соңуна чыкты

© Фото / пресс-служба МИД КРКыргызстанда дипломатиялык миссиясы аяктаган Кытайдын элчиси Ци Даю жана тышкы иштери министри Эрлан Абдылдаев. Архив
Кыргызстанда дипломатиялык миссиясы аяктаган Кытайдын элчиси Ци Даю жана тышкы иштери министри Эрлан Абдылдаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ци Даю элчилик милдетин аркалоодо көрсөтүлгөн көмөк жана колдоо үчүн ыраазычылык билдирди.

БИШКЕК, 24-авг. — Sputnik. Кыргызстанда дипломатиялык миссиясы аяктаган Кытайдын элчиси Ци Даюну тышкы иштери министри Эрлан Абдылдаев кабыл алды. Бул тууралуу ТИМ билдирди.

Абдылдаев элчинин кыргыз-кытай мамилелерин өнүктүрүүгө кошкон зор салымын белгилеп, министрликтин Ардак грамотасын тапшырды.

Өз кезегинде Ци Даю элчилик милдетин аркалоодо көрсөтүлгөн көмөк жана колдоо үчүн ыраазычылык билдирди.

Жаңылыктар түрмөгү
0