Бишкекте 31-августта өтө турган майрамдык иш-чаралардын программасы

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстандын эгемен күнүн белгилөө. Архив
Кыргызстандын эгемен күнүн белгилөө. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Майрамдык иш-чара 31-август күнү эртең менен саат 9.00дө башталып кечки 23.00дө майрамдык фейерверк аттыруу менен аяктайт.

БИШКЕК, 24-авг. — Sputnik. Кыргызстандын 25 жылдык мааракесине карата Бишкек шаарында 31-августта өткөрүлө турган иш-чаралардын программасы бекитилди. Бул тууралуу Тарых жана маданият жылын өткөрүү боюнча мамлекеттик дирекциядан кабарлашты. 

Төмөндө майрамдык иш-чаралардын программасы:

  • 09.00-09.40 — Параддык эсептердин колонналарынын "Ала-Тоо" аянтына жылышы жана тизилиши;
  • 09.40-09.45 — Параддын кол башчысынын команда бериши. Мамлекеттик Туунун жана Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн күжүрмөн байрагы алынып чыгат;
  • 09.55 — Кыргызстандын президенти, Кыргызстандын Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы командачысы Алмазбек Атамбаевдин келиши;
  • 10.00 — Фанфаристердин чыгышы. Фанфарлар жаңырат. Параддын башталышы;
  • 10.03-10.11 — КК Генералдык штабынын башчысынын жана параддын кол башчысынын аскерлер менен учурашуусу, куттуктоосу;
  • 10.11 — Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаевдин куттуктоо сөзү;
  • 10.20 — Парадка катышучулардын салтанаттуу марш менен басышы, аскер техникасынын өтүшү жана авиациянын учушу;
  • 10.40 — Аскердик параддын бүтүшү.

Күндүзгү блок

  • 10.00-15.00 — Ата-Түрк паркында Бишкек шаардык райондорунун, конуштарынын майрамдык иш-чаралары.;
  • 12.00-15.00 — Эски аянтта Кыргызстан элдеринин Ассамблеясынын жамаатынын, кыргыз эстрада жылдыздарынын, ЖОЖдордун студенттеринин концерттик программасы. Кол өнөрчүлөрдүн көргөзмөсү. Спорттук мелдештер. Кожомкул атындагы спорт ордосунда жана Улуттук филармонияда концерттик программалар, Филармониянын жанындагы жаштар аллеясында конкурстар, викториналар өтөт;
  • 17.00-17.30 — "Улуттук кийимдер" акциясы.

Улуттук ат оюндары

  • 10.00–11.30 — Көк бөрү боюнча КР президентинин кубогу үчүн;
  • 11.30–13.00 — Көк-Бөрү финалдык оюн;
  • 13.00-13.50 Расмий бөлүм. Сыйлыктарды тапшыруу аземи, концерттик программа; 
  • 13.50-15.30 Кунан чабыш, Жорго салыш, Ат чабыш; 
  • 16.00 Жабылышы

Кечки блок

  • 20.30-20.55 КР Көз карандысыздыгынын 25 жылдык мааракесине жана Тарых жана маданият Жылына арналган театрлаштырылган Пролог.
  • 20.55-21.00 Алып баруучулар расмий бөлүктүн ачылышын жарыялайт. КР Гимни жаңырат. 
  • 21.00 Куттуктоо сөз
  • 21.05 Кыргыз Республикасынын искусство чеберлеринин жана эстрада артисттеринин Концерттик программасы. 
  • 23.00 Майрамдык фейерверк
Жаңылыктар түрмөгү
0