Кытайдан келген кербенди кыргыз жоокерлери коштоп жүрөт

© Фото / Юлия ВаравинаКытайдан келген маданият жана шериктештик кербенин Кыргызстанда коштогон жоокерлер
Кытайдан келген маданият жана шериктештик кербенин Кыргызстанда коштогон жоокерлер - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кербен Кытайдан эки жыл мурун чыгып, Улуу Жибек Жолу менен келе жатат. Кыргызстанда "соодагерлер" бир катар чай аземдерин өткөрүп, Көчмөндөр оюнуна катышат.

БИШКЕК, 24-авг. — Sputnik. Кытайдан келген маданият жана шериктештик кербенин Кыргызстанда жолду катар жоокерлер коштоп жүрөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлиги билдирди.

Төө, ат минген "орто кылымдын соодагерлери" Пекинден 2014-жылы чыккан. Сапардын акыркы чекити Рим шаары болуп эсептелет. Ал жакка кербен Жибек Жолу менен 2019-жылы жетери күтүлүүдө.

"Кыргызстандын аймагында — Чүйдөгү Ленин айылынан баштап Баткенге чейин кербенди нукура кыргыз жоокерлери коштоп жүрөт", — деп айтылат билдирүүдө.

Конгон жеринде соодагерлер кытай салты боюнча чай аземдерин өткөрүп турушат. Эң эле салтанаттуусу Көчмөндөр оюнунун алкагында Кырчын жайлоосуна болору күтүлүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0