Меккеге барган зыяратчыларга коопсуздук боюнча сабактар өтүлүүдө

© Фото / пресс-служба ДУМКМеккеге барган зыяратчыларга коопсуздук боюнча сабактар өтүлүүдө
Меккеге барган зыяратчыларга коопсуздук боюнча сабактар өтүлүүдө - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандан ажыга сапар алгандардын акыркы тобу 29-августта учуп кетет.

БИШКЕК, 24-авг. — Sputnik. Мекке шаарында Кыргызстандан барган зыяратчылар үчүн коопсуздук боюнча атайын сабактар өтүлө баштаганын муфтият билдирди.

Зыяратчылар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандан баргандардын Меккеге зыяраты башталды
Сабактарды өтүү ажылыкты уюштуруу боюнча республикалык штаб тарабынан бекитилип, ар бир ажы башчы өз тобундагы зыяратчыларга коопсуздук, ажылыктын парзы жана милдеттери, Мекке шаарындагы ыйык жайлар туурасында сабактарды өтүшүүдө.

Эскерте кетсек, учурда ыйык Мекке шаарына ажылык амалдары аткаруу үчүн дүйнөнүн ар тарабынан келген адамдардын саны көбөйүп, Сауд Аравиясында коопсуздук тармагы күчөтүлгөн режимде иштөөдө.

Кыргызстандан ажыга сапар алгандардын акыркы тобу 29-августта учуп кетет.

Быйыл ажыга Кыргызстандан 3685 адам барат. Мусулмандык парздын бирин аткарып келүүгө жумшала турган чыгымдын баасы — 2600 доллар.

Жаңылыктар түрмөгү
0