Экотехинспекция: Бишкектеги беш май куйуучу жай жабылат

© Sputnik / Виталий Аньков / Медиабанкка өтүүМай куйуучу жай. Архив
Май куйуучу жай. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мамлекеттик инскпекция бул кадам текшерүүнүн натыйжасынан соң жасалып жаткандыгын кошумчалады.

БИШКЕК, 23-авг. — Sputnik. Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция борбор калаадагы беш май куйуучу жайды жаба турганын билдирди.

Инспекция бул кадам текшерүүнүн натыйжасынан соң жасалып жатканын кошумчалады.

"Текшерүү учурунда беш май куйуучу жайдын талапка жооп бербей тургандыгы аныкталды. Негизинен өрт коопсуздугу боюнча эрежелер сакталган эмес. Мындан сырткары, турак үйлөрдүн жанында жайгашкан", — деп айтылат маалыматта. 

Мамлекеттик инскпеция Токомбаев — Нуркамал, Бах — Лев Толстой, Ден Сяопина — Сыдыгалиев, Фучик — Товарная, Жибек Жолу — Кулиев көчөлөрүнүн кесилишиндеги май куйуучу жайлар жабыла тургандыгын айтты. 

Жаңылыктар түрмөгү
0