ТИМ Сахалинде муунуп өлгөн кыргызстандыктын эмнеге кармалганын аныктады

© Sputnik / Кирилл Каллиников / Медиабанкка өтүүПолиция кызматкерлери кишини кармоосу. Архив
Полиция кызматкерлери кишини кармоосу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда маркумдун сөөгүн Кыргызстанга жеткирүү боюнча аракеттер көрүлүп жатат.

БИШКЕК, 23-авг. — Sputnik. Сахалинде өз өмүрүнө кол салган кишинин кыргызстандык жаран экени тастыкталды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, кечээ, 23-августта кечке маал 26 жаштагы кыргызстандык жаран мас абалында экинчи кабаттагы үйүнө терезе аркылуу кирүүгө аракет кылган. Коңшулар аны ууру экен деп полиция кызматкерлерин чакырышкан. Окуянын чоо-жайын аныктоо үчүн жаранды полиция бөлүмүнө алып келишкен. 

"Болжол менен саат 19.45те аталган жаран камерада өзүн өзү асып салган. Анын муунуп жатканы видеобайкоо камерасына түшүп калган", — деп айтылат билдирүүдө.

ТИМ учурда өкүлчүлүк менен кыргыз диаспорасы маркумдун сөөгүн Кыргызстанга жеткирүү боюнча аракеттерди көрүп жатканын белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0