Кыргыз сулуусунун сүрөтү Германиянын Бремен шаарына илинет

© Фото / Рахат КеримбаевTop Model Of The World эл аралык сулуулар конкурсунун катышуучусу кыргызстандык Бегимай Карыбекова. Архив
Top Model Of The World эл аралык сулуулар конкурсунун катышуучусу кыргызстандык Бегимай Карыбекова. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сулуулар сынагынан алдыңкы жети орунду алган сулууларга бүткүл дүйнөлүк расмий промороликтерди жарнамалоо укугу берилет. Карыбекова бул тизмекке сынактын биринчи баскычында кирген.

БИШКЕК, 23-авг. — Sputnik. Top Model Of The World эл аралык сулуулар конкурсунун катышуучусу кыргызстандык Бегимай Карыбекованын сүрөттөрү Германиянын Бремен шаарынын баннерлеринде илинмекчи. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине моделдик долбоорлор компаниясынын директору Таттыбубу Самидин кызы билдирди. 

Dreams come true

Фото опубликовано ProfessionalModelAssociation🏴 (@begimaykarybekova) Авг 21 2016 в 1:56 PDT

"Эми биздин кыздын сүрөттөрү Бремен шаарынын бардык булуң-бурчтарына илинет" – деди Самидин кызы. 

Карыбековадан тышкары жарнамалык роликтерге тартылууга Канада, Бразилия, Эквадор, Мальта жана Балтика өлкөлөрүнүн өкүлдөрү тандалып алынган. 

@sabinova_ 💋💋💋

Фото опубликовано ProfessionalModelAssociation🏴 (@begimaykarybekova) Авг 16 2016 в 2:36 PDT

Эл аралык топ-моделдер конкурсунун финалы 26-августта Бремен шаарында өтөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0