Россиялык жалпыга маалымдоо каражаттары өз өмүрүнө кол салган киши Кыргызстандын жараны экенин жазып чыгышкан.
БИШКЕК, 23-авг. — Sputnik. Кыргызстандын Россиядагы элчилиги Сахалиндин полициясындагы кабыл алуучу жайда муунуп өлгөн кишинин жарандыгын тактап жатат. Бул тууралуу дипломатиялык өкүлчүлүктүн маалымат кызматы билдирди.
Буга чейин россиялык жалпыга маалымдоо каражаттары Южно-Сахалинск шаары боюнча ИИМБ тарабынан административдик камакка алынган адамдар кармалуучу камерада Кыргызстандын жараны өз өмүрүнө кол салганын жазып чыгышкан.
Аталган кишинин жарандыгы жана окуянын чоо-жайын тактоо үчүн элчилик шаардын тийиштүү органдарына сурам жөнөтүлгөнү белгиленди.
"Атың барда жер тааны, атаң барда эл тааны" дейт кыргызда. Өлкөбүздөгү айыл-кыштактардын, жер-суулардын аталыш тарыхын, аларга карата айтылган икая, легендаларды биле жүргөнүбүз жакшы. Бул — тарых, басып өткөн жол.
Коронавируска каршы вакцина дүйнөдө биринчилерден болуп Россияда, Гамалея атындагы Эпидемиологиялык жана микробиология улуттук изилдөө борборунда, түзүлдү. Препаратты былтыркы жылдын август айында каттоодон өткөрүштү.