Элчилик Сахалинде КР жараны муунуп өлдү деген маалыматты текшерип жатат

© Sputnik / Алексей Филиппов / Медиабанкка өтүүКамера. Архив
Камера. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Россиялык жалпыга маалымдоо каражаттары өз өмүрүнө кол салган киши Кыргызстандын жараны экенин жазып чыгышкан.

БИШКЕК, 23-авг. — Sputnik. Кыргызстандын Россиядагы элчилиги Сахалиндин полициясындагы кабыл алуучу жайда муунуп өлгөн кишинин жарандыгын тактап жатат. Бул тууралуу дипломатиялык өкүлчүлүктүн маалымат кызматы билдирди.

Тапанча кармаган адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
ИИМдин Москвдагы өкүлү Аскат Алиев: "GTA тобунда" кыргыз жарандары жок
Буга чейин россиялык жалпыга маалымдоо каражаттары Южно-Сахалинск шаары боюнча ИИМБ тарабынан административдик камакка алынган адамдар кармалуучу камерада Кыргызстандын жараны өз өмүрүнө кол салганын жазып чыгышкан. 

Аталган кишинин жарандыгы жана окуянын чоо-жайын тактоо үчүн элчилик шаардын тийиштүү органдарына сурам жөнөтүлгөнү белгиленди.

Жаңылыктар түрмөгү
0