ИИМдин Москвдагы өкүлү Аскат Алиев: "GTA тобунда" кыргыз жарандары жок

Жазылуу
Буга чейин колго түшкөн үч кылмышкерден жасалма кыргыз паспорттору табылган.

БИШКЕК, 23-авг. — Sputnik. "GTA тобунда" кыргыз жарандары жок экендигин ИИМдин Москвадагы өкүлү Аскат Алиев билдирди. 

Буга чейин жалпыга маалымдоо каражаттары "GTA тобунда" 15тен ашуун Тажикстан, Өзбекстан жана Кыргызстандын жарандары бар экени айтылган.

Алиевдин айтымында, топтун мүчөлөрү Умар Хасанов, Фазлитдин Хасанов жана Ибайдулло Субхановдордун жанынан кыргыз паспорту табылган. 

"Буга чейин кармалган топтун арасында кыргыздар бар экени айтылган. Ал эми тинтүү учурунда шектүүлөрдүн жанында жасалма кыргыз паспорттору табылган. Алар кадимки эле картондон жасалган экен. Андыктан топтун мүчөлөрүнүн арасында кыргыз жарандары жок. Бирок СССР убагында Кыргызстандын аймагында төрөлгөндөр бар", — деди Алиев. 

Ал кылмышка шектүү катары кармалган тогуз жаран Орто Азия тургундары экендигин кошумчалады. 

Шектүү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Москвада кыргыз жаранын өлтүрдү делген адам кармалды
Кылмышка шектүүлөрдү кармоо учурундагы атышуудан топтун башчысы каза болгон. Ал эми дагы беш мүчөсү эл аралык издөөгө алынган. 

Ал эми кармалган тогуз шектүүнүн үстүнөн кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүүдө. 

Эске сала кетсек, 2012-2014-жылдары Москва шаарынын жака белинде катары менен бир канча айдоочулар өлтүрүлүп, кай бири тонолгон. Ал эми жалпыга маалымдоо каражаттары бул кышмакерлерди "GTA тобу" деп атап койгон. 

GTA — атактуу компьютер оюну. Анда баш каарман ар кимди тоноп, алдынан чыкканын өлтүрө алат.

Жаңылыктар түрмөгү
0