Өчүк радар менен айдоочуга айып салууну көздөгөн милиция кызматкери талкууга алынды

© Sputnik / Табылды КадырбековЖол кайгуул кызматкери. Архив
Жол кайгуул кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Facebook социалдык тармагына Айбек Уметалиев тарабынан жүктөлгөн видео сегиз саат ичинде 600 ирет бөлүшүлгөн.

БИШКЕК, 23-авг. — Sputnik. Социалдык тармактын колдонуучулары радардын кубаты өчүп калганына карабай айдоочуну токтоткон милиционердин видеосун кызуу талкуулап жатышат. 

Видеого ылайык, Кайгуул милиция кызматкери айдоочуну катуу ылдамдыкта бара жаткандыгы үчүн токтоткон. Анткен менен милиция кызматкери катуу ылдамдык тартылып калган радардагы сүрөттү көрсөтө алган эмес. Анын айтымында, айдоочу токтогон учурда радардын кубаты өчүп калган. Ал эми айдоочу далил жок болгондуктан айып төлөөдөн баш тарткан. 

Кыска юбка кийген кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан
ШИИБ: милиция кызматкерлери сойкукананы аныктоо үчүн ага "кардар" болду
Видеонун соңунда мыйзам бузуу болгондугун далилдей албаган милиция кызматкери айдоочуга ак жол каалап, узатат. 

Facebook социалдык тармагына Айбек Уметалиев тарабынан жүктөлгөн видео сегиз саат ичинде 600 ирет бөлүшүлгөн. 

Кайгуул милициясынын башкы башкармалыгы аталган видео сөзсүз териштириле турганын айтып, видеодогу адис Бишкек Кайгуул милициясынын кызматкери экендигин тастыктады.

Жаңылыктар түрмөгү
0