"Бозумчактагы" кызматкердин өлүмү боюнча териштирүү башталды

© Sputnik / Александр Уткин / Медиабанкка өтүүКарьер. Архив
Карьер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Бозумчак" тоо-кен компаниясынын аймагында оор жүк ташуучу унаа кырсыкка учурап, аны башкарып бара жаткан Көк-Серек айылынын тургуну каза болгон.

БИШКЕК, 23-авг. — Sputnik. "Бозумчактагы" жол кырсыгы боюнча окуя териштирилип жатканын KAZ Minerals компаниясы билдирди. 

Эске сала кетсек, Ала-Бука районундагы алтын жана жез чыккан "Бозумчак" тоо-кен компаниясынын аймагында оор жүк ташуучу унаа кырсыкка учурап, аны башкарып бара жаткан Көк-Серек айылынын тургуну каза болгон

"Жол кырсыгы кечээ, 22-август күнү саат 19:10до болгон. Анда жүк ташуучу унаа оодарылып кеткен. Ал эми айдоочу алган жаракатынан улам каза болгон", — деп айтылат маалыматта. 

Бозумчак кенин учурда KAZ Minerals PLC компаниясы иштетип келет. Казуу иштери 2014-жылы башталган. Ал учурда кенде алына элек 426 миң тонна жез кени болгон. Алгач ачык түрдө казып иштетип, жылына миллион тоннага чукул жез алуу пландалган. Бозумчактагы өндүрүш орто эсеп менен жылына 6 миң тонна жез жана 28 миң унций алтын деп эсептелген.

Жаңылыктар түрмөгү
0