Жергиликтүү тургун: Аксыда абал тынч

Жазылуу
Ал эми Чек ара кызматынан учурда өзбек тарап менен сүйлөшүүлөр жүрүп жаткандыгын, жыйынтыгы кечинде белгилүү боло тургандыгын кошумчалады.

БИШКЕК, 22-авг. — Sputnik. Аксыда абал тынч. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине жергиликтүү тургун Шекербек Камчыбек уулу билдирди. 

Эске сала кетсек, бүгүн түшкө маал Өзбекстандын 7 милиция кызматкери Кербендеги Үңкүр-Тоого тик учак менен конгон.

"Учурда эч кандай ызы-чуу жок. Абал тынч. Маселе дипломатиялык жол менен чечилет деп отурабыз", — деди Шекербек Камчыбек уулу.

Чек ара. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргыз-өзбек чек арасынан кирип-чыгууга чектөө коюлду
Ал эми Чек ара кызматынан учурда өзбек тарап менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын, жыйынтыгы 18:00дөн кийин белгилүү боло турганын кошумчалашты. 

Буга чейин Аксыдагы Үңкүр-Тоо Өзбекстандын аймагы деп тааныган протоколдун көчүрмөсү интернет булактарына таркаган. Аталган протокол 2015-жылдын 11-ноябры менен белгиленип, анда "Өзбекстандын аймагында жайгашкан "Кербен-24" телерадио мунарасын башка жакка көчүрүү үчүн жер караштыруу" деген пункту көрсөтүлгөн.

Аталган маселени тергөө бүгүнкү күнгө чейин аягына чыкпай келет.

Жаңылыктар түрмөгү
0