Кербендеги Үңкүр-Тоого Өзбекстандан тик учак менен милиция кызматкерлери келди

© Фото / SputnikАксы районундагы "Үңкүр тоо". Архив
Аксы районундагы Үңкүр тоо. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда кыргыз тарап абалды жөнгө салып, мындай аракеттин себебин тактап жатат.

БИШКЕК, 22-авг. — Sputnik. Аксы районундагы Үңкүр-тоого Өзбекстандын милиция кызматкерлери тик учак менен келип конду. Бул тууралуу Чек ара кызматы билдирди. 

Маалыматка ылайык, МИ-8 тик учагы менен коңшу өлкөдөн 7 милиция кызматкери келди.

Телефон кармаган адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Үңкүр-Тоонун тегерегинде телефон байланышы начарлап жатканы айтылууда
Учурда кыргыз тарап абалды жөнгө салып, мындай аракеттин себебин тактап жатат.

Буга чейин Аксыдагы Үңкүр-Тоо Өзбекстандын аймагы деп тааныган протоколдун көчүрмөсү интернет булактарына таркаган. Аталган протокол 2015-жылдын 11-ноябры менен белгиленип, анда "Өзбекстандын аймагында жайгашкан "Кербен-24" телерадио мунарасын башка жакка көчүрүү үчүн жер караштыруу" деген пункту көрсөтүлгөн.

Аталган маселени тергөө бүгүнкү күнгө чейин аягына чыкпай келет. 

Жаңылыктар түрмөгү
0